Спираль алдыргандан кийин канча күн жыныстык катнашка барбай туруу керек?
Саламатсызбы. Спиралды алдыргандан кийин канча күн жыныстык катнашка барбай туруу керек? Канчадан кийин бойго бүтүүнү пландаштырса болот? Ушул суроолорума жооп алып бересизби?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Жатын ичине салынуучу спираль алынаары менен аялдын бойго бүтүрүү функциясы калыбына келе баштайт, демек дароо эле кош бойлуулукту пландаштыра берсе болот. Ошого карабастан 5 күнгө чейин жыныстык катнаштан баш тартуу сунушталат. Андан тышкары физикалык активдүүлүктү талап кылган жумушту жасоого, оор көтөрүүгө, тампон колдонууга, ысык ваннага, мончого, саунага түшүүгө болбойт.
Эгер кан кетсе, адаттагыдан башкача бөлүнүүлөр байкалса, оорутса, дене табы көтөрүлсө дароо доктурга кайрылуу зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка