Атамдын башка сүйлөшкөнү бар экен, эмне кылышты билбей турам
Саламатсызбы. Бүгүн папамдын башка сүйлөшкөнү бар экенин билип калдым. Үч уктасам түшүмө да кирбеген нерсе эле. Башында ишенген жокмун, андан кийин оюма мамам түштү. Ал билсе эмне болот? Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби? Ортодо биз, балдары кыйналабыз. Же ары эмес же бери эмес. Эмне кылышты билбей турам. Мындай учурда эмне кылыш керек? Кеңеш берип койгулачы?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Абалыңыз абдан кейиштүү, сиз азыр шок абалында жүрөт окшойсуз. Мен сизди жакшы түшүнүп турам.
Чоңдордун жашоосунда ар кандай нерселер боло берет. Сиз бала болгондон кийин аларга таасир эте албайсыз. Ата-энеңиз ортодогу мамилесин өз алдынча чечишип алууга тийиш. Сиздин ортого кийлигишпей эле койгонуңуз жакшы.
Эгер атаңыз менен мамилеңиз жакшы болсо, аны менен ачык сүйлөшсөнүз боот. Бардыгын биле турганыңызды, сиз үчүн атаңар да, апаңар да кымбат экенин, мындай көрүнүш сизди аябай кыйнап жатканын айтыңыз.
Болбосо, жакын, сизди түшүнгөн, сырды бекем кармай турган адам менен бөлүшүңүз. Сиз билген сырдын жүгү оор, ага жалгыз туруштук берүү кыйын. Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?