Биринчи жолу кош бойлуумун, качан талгак башталат?
Мен талгак качан башталаарын сурайын дедим эле. Өзүм 20 жаштамын, бир айлык боюмда бар, бирок эч нерсеге талгак болбой элемин. Негизи кош бойлуу айымдардын бардыгы талгак болобу?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Талгак – бул кош бойлуу айымдын белгилүү бир тамакты, даамды, жытты каалоосу. Бул көрүнүш токсикоздун белгилеринин бири.
Токсикоз ар башка аялда, ар башка баласында ар кандай болот. Айрымдарында такыр болбойт, жана алар кош бойлуулукту жеңил көтөрүшөт.
Эрте токсикоз адатта 5-6 жумадан кийин башталат. Адатта 13-14 жумага чейин созулуп, токтойт.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка