Баланын тамакка табитин ачуу үчүн кандай витамин бериш керек? Педиатрдын жообу
Саламатсызбы. Силердин ишиңерге ийгилик каалайм. Менин да суроомо жооп алып бересиңерби?
Балам 1 жаш 1 айга толду. Тамак жегени начар, жалаң эмчектин сүтү менен жүрөт. Аппетитин ачуу үчүн кандай витаминдерди бериш керек? Доктурлар каны да аз окшойт, деп айтышты эле, азыр врачка барганга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Чоң рахмат.
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. Баланы көрбөй туруп, баланча витамин ичсин деп жазып берген болбойт. Бул туура эмес.
Сиз алгач баланын канын анализге тапшырышыңыз керек. Ал кандын курамындагы темирди, “сывороточное железо” дегенди, жалпы гемоглобинин ж.б. аныктайт.
Чыккан натыйжага жараша баланын организминде кайсы элементтерге, витаминдерге муктаждык болуп жатканы белгиленип, витаминдердин комплекси жазылат.
Витамин бул 2-3 күндө ичип токтотуп кое турган дары эмес. Аны кеминде бир ай үзбөй ичүү керек. Ошондон кийин гана натыйжасы көрүнөт.
Мүмкүнчүлүк таап, баланы сөзсүз доктурга көрсөтүңүз!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?