Тишимди дарылап жатып ийнесин ичине калтырып коюптур. Эми эмне кылыш керек?
Стоматологго баргам, ал тишимдин тамырын ийне менен алып жатып, ийнени сындырып алыптыр, сыныгы ичинде калып калды. Доктур ала албайм, эч нерсе болбойт, деп койду.
А мен коркуп жатам. Ийне тамырга кирсе, туура жүрөккө барат деп жатышат. Эми эмне кылышым керек? Сураныч, жооп алып бериңизчи?
Нуржамал Канатбекова
стоматолог
Саламатчылык. Коркпоңуз, ийнени сыныгы эч качан жүрөгүңүзгө жетпейт. Анткени тишиңиздин нерви алынды, демек, организм тишти кан менен камсыздабайт. Тиштин каналында калган ийне эч убакта кан тамырга түшпөйт. Бул эч качан жүрөккө жетпейт дегенди түшүндүрөт.
Эгер стоматологдун ийнеси сынып, каналдын ичинде калып калса, алгач рентген жасалат. Андан кийин ийненин сыныгы канчалык терең турганы аныкталып, жакын эле жерде турса тамырдын чокусу кесилет. Бул процедура - тамырдын резекциясы деп аталат.
Ал эми ийне өтө терең турса, бүлөсү шишип кетсе, тилекке каршы, тишти жулдурууга туура келет.
Ден соолукта болуңуз!
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Тишке кам көрүу жөнүндо бул жерден да окусаңыз болот:
Баламдын тиши чыкканда эле карарып кетти, эмне үчүн? Стоматолог жооп берет
Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет
Брекет салынган тиштерим кайра кыйшыйып калбайбы? Стоматолог жооп берет
Боюмда бар, тишиме пломба салдырсам болобу? Стоматолог жооп берет