Баламдын тиши чыкканда эле карарып кетти. Эмне үчүн? Стоматолог жооп берет
Балам 4 жашта. Тиши чыга баштаганда эле карарып, курт түшкөн. Эми оорутуп, балам кыйналып жатат. Эмне кылсак болот?
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Балаңызга жардам бергиңиз келсе, үйдө кармап кыйнабай, тез арада стоматологго алып баргыла. Ал баланын тиштерин карап, дарылоого мүмкүн болгондорун дарылап, жарабай калгандарын жулуп салууга туура келет.
Тиши чыга баштаганда эле карарып, курт түшкөндүн себептери түрдүү. Балким энеси кош бойлуу кезинде абдан көп антибиотик ичкен. Тиштин начар болушу тукум кууйт. Кичинесинен соска эмип же бөтөлкөдөн түнү менен сүт ичкени да тиштин эрте карарышына алып келиши мүмкүн.
Азыртадан тишин дарылабасаңар баланын кийинки чыга турган тиштери да начар болуп, тамакты жакшы чайнабай ашказан ооруларына себепкер болот.
Балдардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.