Баламдын башында суусу бар экен, бул оорудан айыгып кете алабы?
Саламатсызбы. Мен 27-июнда төрөгөм. Балама “умеренная вентрикуломегалия” деген диагноз коюшту. Баланын башындагы суусу качан кетет? Көбөйүп кетиши мүмкүнбү? Негизи бул оору менен төрөлгөндөр бат эле айыгабы?
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. Албетте, айыгып кетет. Бирок ал үчүн баланын кароосу жакшы болууга тийиш, жана оору менен алышууга 1-2 жыл убакыт кетет.
Невропатологго учетко туруп, ар дайым педиатр экөөнүн көзөмөлүндө болуңуз. Балаңызды үч айда бир УЗИге түшүрүп турушуңуз керек.
Андан тышкары кошумча витамин берип, массажга алып барып, көбүрөөк таза абада сейилдеткиле. Минималдуу физикалык көнүгүүлөрдү аткарып, ден соолугун чыңдагыла. Колдон келишинче оорутпаганга аракет кылуу зарыл. Себеби грипп болсо же тумоолоп калса оорусу күчөп кетет.
Башында суусу бар балдар тынчы жок, ыйлагыраак болот. Ошондуктан анын ата-энесине көбүрөөк сабырдуулук жана чыдамкайлык керектелет.
Балаңыз сакайып кетсин!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?