Досумдун сүйлөшкөн кызын жактырам, бул чыккынчылыкпы? Психологдун жообу
Саламатсызбы. Мен жакшы көргөн кыз, досум менен кыз-жигит болушчу. Азыркы учурда сүйлөшпөй калышкан. Мен намыстанып, ал кызды жактырып жүрөөрүмдү айтчу эмесмин. Акыры, чыдабай кызга сезимимди билдирдим.
Бирок, ал мени арданта турган сөздөрдү айтты. “Экөөбүз жүрүп алсак, эртең баш кошсок, досуң менен кандай мамиледе болосуң?” – деди. Чынын айтканда, өзүм деле уялып, жаман болуп жүрөм. Эмне кылышыбыз керек?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Сиз эмнеге уялып жатасыз? Ал кыз досуңуздун келинчеги эмес, экөөнүн ортосундагы мамиле токтогон экен, демек ал эркин адам. Сиздин да башыңыз бош. Мамиле курууга эч кандай тоскоолдук көрбөй жатам.
Ал эми досуңуз кандай реакция жасай турганын өзү чечет. Бул анын жоопкерчилиги жана жашоосу.
Балким, ортоңордо атаандаштык сезими пайда болот, жана мындай көрүнүш достугуңарга таасирин тийгизбей койбойт. Бирок бул сөзсүз достуктан баш тартуу дегендик эмес.
Чечим кабыл алуу сиздин колуңузда!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?