// //

Жыныс мүчөнү чоңойтуунун заманбап ыкмалары. Уролог айтып берет

2020.08.27, 15:27
17692

Нормада эркектин жыныс мүчөсү канча сантиметр болуш керек? Кантип чоңойтсо болот жана баасы канча? ЭОС медициналык борборунун урологу Нурбек Монолов Bilesinbi.kg’ге жыныс мүчөнү чоңойтуунун заманбап ыкмалары тууралуу айтып берди. 

"Жыныс мүчөнүн өлчөмү жөнүндө көп ойлонбогула!"

Демейде, эркектер үч нерсеге даттанып келишет: бат бүтүү, жакшы турбай калуу жана жыныс мүчөсүнүн өлчөмү. Буларды дарылоо үчүн атайын методдор бар.  Мисалы, дары-дармек, вакуум терапия, апараттар, операция, протез, имплант ж.б.

Вакуум

Колбага окшогон айнек материалды жыныс мүчөгө салып, вакуум толтурулат. Ал жыныс мүчөнү болушунча эки жакка чоет, жыйынтыгында, өлчөмү чоңоет, кан-тамырлары кеңейт, визуалдык жактан узун көрүнүп калат.

Вакуумду өздөрү сатып алса болот, рынокто түрлөрү көп. Бирок, сөзсүз дарыгердин көзөмөлү керек, процедура үчүн бейтапканага келип турат. Өз алдынча жасоо кооптуу, жыныс мүчөсүнөн ажырап калышы мүмкүн. 

Протез

Эч нерсе жардам бербей калганда жыныс мүчөгө протез коюлат. Протездин эки компоненттүү жана үч компоненттүү сыяктуу түрлөрү бар.

Эки компоненттүүнү койсо  – каалаган убакта жыныс мүчөсүн тургузуп же жаткарып кое алат. Жыйынтыгында, эркектин жыныстык жашоосунун сапаты, өнөктөштөрү менен болгон мамилеси жакшырат.

Үч компоненттүү – 10 000 доллардын тегерегинде турат, 20 жылдык кепилдиги бар, сапаты мыкты. Операция бир саатка созулат, анан бир айдан кийин жыныстык катнашка бара берет. 

Урологдон кеңеш

Эркектерге айтарым, жыныс мүчөнүн өлчөмү жөнүндө көп ойлонбогула!  Андан көрө айымдарыңарга жылуу мамиле, көңүл буруу, белек берүү деген нерселер менен жакканга аракет кылгыла. Мүчөң канчалык чоң жана узун болбосун, башка жагыңдан аксап турсаң, анын эч кандай пайдасы жок. Көпчүлүктүн мүчөсү нормалдуу эле. Болгону уят кинолорду көрүп алып ар нерсеге кабатыр боло беришет. Реалдуу жашоодо андай эмес, 99% эркектин мүчөсү орто. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт