// //

Үй-бүлөлүү адамды сүйөм, аны менен байланышты кантип үзөм? Психологдун жообу

2020.08.24, 11:38
1231

Саламатсызбы. Менин жашым 20да, үй-бүлөлүү адамды жакшы көрөм. Бирок менин аларды ажыраштырайын деген оюм жок. Болгону кызганам, ал да өмүрүндө экинчи жолу сүйүп калганын айтат. Мен ага ишенем.

Мындай мамилени токтоткум келет. Аны менен байланышты кантип үзсөм болот?

Канча аракет кылсам да, болбой койду, аябай көнүп калыптырмын. Ал да ар дайым чалып, жазып турат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.08.2020, 11:39

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Жашоону өзгөртүү үчүн алгач өзүңдү-өзүң алдоону токтотуудан баштоо зарыл.

Ойнош болуу статусу сизге жагабы? Эгер жакпайт десеңиз, бирок бул мамилени дагы деле улантып жатсаңыз, анда башка суроо жаралат.

Сиз чындап эле ал адамды жакшы көрөсүзбү, же экөөңөрдүн ортоңордогу мамилени жакшы көрөсүзбү. Сизди күндө кубандырган, кызганткан, ойлонткон, кайгыга салган?

Сүйүп, сүйүүнүн азабын тартып деле жашай берсеңиз болот. Эмнеге болбосун? Майрамдарды жалгыз өткөрүү, жаздыкты кучактап ыйлоо, жашыруун жолугушуу, жашыруун телефон чалуу, жалпысынан эле ар дайым экинчи орунда болуу.

Эгер сизге азап тарткан жакпаса, эркектин үй-бүлөсү бар экенин билгенде эле мамилени токтотмоксуз.

Өзүн сыйлаган аял, сүйгөнү бош эмес экенин билгенде мындай шарт коет: “Аялыңды сүйбөйсүңбү, ажыраш, ажырашкың келбейби, анда менин башымды оорутпа. Ажырашкандан кийин сөзүбүздү улантабыз. Ага чейин: кош”.

Бул мамиле чынында көйгөй эмес, бул болгону симптом.

Дагы бир жолу кайталайм, жашоону өзгөртүу үчүн адам өзү өзгөрүшү керек.

 

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт