Жаңы төрөлгөн баламыдын көзү кылый, ушу бойдон калып калабы? Педиатрдын жообу
Саламатсызбы. Балам 1,5 айлык. Жатканда көзү жакшынакай эле, турганда көздөрү ортого чогулуп, кыйшая берет.
Төрөт учурунда бир аз кысылып, бир көзү кан талап калган эле. Бул оңолоуп кетеби же калып калышы мүмкүнбү? Кыжаалат болуп жатам.
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. Алты айга чейин баланын көзүнүн булчуңдары жакшы бекий элек болот. Ошондуктан көзүнүн каректери ортого чогулуп же капталга кетип калышы мүмкүн.
Бирок, төрөт учурунда кысылып, көзү кан талап калган деп жатасыз. Профилактика максатында көз доктурга бир ирээт көрсөтүп койгонуңуз оң.
Балаңыз ден соолукта болсун!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Балам бир жаштан ашты бирок баса элек. Эмне кылышым керек?
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?