Кызым мени менен айтышат. Ага кандай мамиле кылышым керек?
Саламатсызбы. Кеңеш сурайын дегем. Менин үч кызым бар. Улуусу 8 жашта. Ошол кызым мени теңтушундай көрөт, айтышып, тилимди албайт. Анын мындай мамилеси кийин кичүү кыздарыма да таасирин тийгизбейби? Маага кандай жол көрсөтүп бересиз? Чоң кызым менен кандай мамиле курушум керек? Алдын ала рахмат.
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Саламатчылык.
Албетте, балдар ата-энеси менен теңтуштардай мамиледе болбошу керек. Сиз улуу кызыңызды жаш кезиңизде төрөсөңүз керек. Балким, удаасы менен төрөп, кызыңыз кичинекей болуп турса да, аны чоң кишидей кабыл алып, тиешелүү мамиле кылгансыз.
Биринчи кезекте, мамилеңизди өзгөртүңүз. Баланы тыюу салып тарбиялаган болбойт. Чоңдугуңузга салып, урушпаңыз. Эгер айтышып жатса, сизге антип жооп берген болбой турганын жайдары бирок так жана даана айтыңыз.
Ачууланбаңыз, таарынбаңыз, теңелбеңиз. Баланын алдында актанып, кетенчиктебеңиз. Ызы-чуу салып, долуланып ыйласа, капа болбоңуз. Үй-бүлө мүчөлөрү күйөөңүз, чоң ата, апасы да сизге колдоо көрсөтүшсүн.
Көп эле учурда ата-эне балдарын аябай катуу жакшы көргөндүктөн чектен ашыра эркелетип алышат. Ата-эне ар дайым балдары үчүн авторитет бойдон калышы керек. Азыр бардыгын бир калыпка салып албасаңыз, кызыңыз өспүрүм куракка барганда ого бетер кыйналып каласыңар.
Ийгилик!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой