Ажырашканбыз. Кайын журтум себимди бербей жатат. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Кимге кайрыларымды билбей турам. Ажырашкам, балам эки жашта. Кайын энем баланы бербейм деп жатат. Мен баланы алып, өз апама таштап, Россияга иштегени кетсемби дегем. Ушундай кыла турган болсом, алимент кестире аламынбы? Же сөзсүз баланын жанында болушум керекпи? Баланы кайын энеме деле таштасам болот, бирок алар кийин мага көрсөтпөй коюшат да.
Анан кайын журтум себимди да бербей жатышат. Мага 70 миң калың беришкен. Бирок алар машинага, дасторконго кеткен чыгашаларды кошуп, 150 миң берсеңер анан кайтарып берем дейт. Ошону кантип алам? Ата-энем да жоош, ызы-чуу кылганды билишпейт. Анын үстүнө алысыраак тууганы да болуп кетет.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Урматтуу окурман. Мыйзам боюнча бала апасы же атасы менен чогуу чоңойуусу керек. Сиз айтып жаткандай баланы алып, апаңызга таштап, чет өлкөгө кетип калганыңыз туура эмес кадам. Алимент өндүрүү үчүн бала сиз менен бирге болууга тийиш.
Ал эми сеп тууралуу айта турган болсок, сепке берилген оокат сизге ата-энеңизден белекке келген буюм болуп эсептелинет. Мыйзам боюнча белек кимге берилсе, ал ошонун ээси болуп саналат. Ошондуктан сотко доо-арыз менен кайрылып, кайтарып алууга толук укуктуусуз.
Ийгилик!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?