Аялымды энелик укуктан ажыратып койсом болобу? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Суроо берейин дегем. Менин төрт балам бар, аялым балдарды таштап Россияга кетип калган. 10 айдан бери кабарлашпай жүрөт.
Тил кат жазып бер, же болбосо кел, десем болбой жатат. Аялымдын бир туугандарына да бала керек эмес, колуңан келсе өзүң багып ал, деп коюшту.
Аны менен ажырашып, энелик укуктан ажыратып койсом болобу?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер балдардан кабар албаса, жашоосуна, тарбия берүүсүно катышпаса, материалдык жактан камсыздоого жардам бербесе, албетте, энелик укуктан ажыратса болот. Бирок, соттун чечими эки тараптын катышуусу менен чыгарылат.
Ошондуктан аялыңызга Россияга повестка жөнөтүп, билдириңиз. Негиздеп туруп, андан кийин ажырашуу жөнүндө жана энелик укуктан ажыратуу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылсаңыз болот.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?