Кызым аллергия болуп жөтөлүп жатат. Эмне кылыш керек? Педиатр жооп берет
Бир жаштагы кызым ооруп больницага жатып чыктык. гипер аллергия экен деп айтышты. Үйгө чыгып келгенибизге бир ай болду, кайра жөтөлү башталды. Дарыларын бердик, басылбай жатат. Эмне кылыш керек? Гипер аллергия жөнүндө маалымат берип коесузбу?
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. Гипер аллергия деген диагноз жок. Кызыңыз эмне себептен жөтөлүп жатканын аныктоо зарыл. Себебин белгилүү болгондон кийин кандай дарыларды ичүү керек экенин айта алабыз.
Жөтөлдүн себептери түрдүу болот, бул суук тийүү, аллергия, вирус, ичтеги курт болушу мүмкүн.
Баланы көрбөй, анемнезин билбей туруп, кандайдыр кеңеш айтуу оор болуп турат.
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?