Күйөөм мурунку сүйгөнү менен сүйлөшүп жүрүптүр. Эмне кылышым керек?
Былтыр күйөөмдү бир аял менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн кармап калдым. Болду сүйлөшпөйм, токтоттум, дегенден кийин дагы 3-4 жолу кармадым. Ал аялга да чалып уруштум. Көрсө, күйөм бойдок кезде экөө кыз-жигит болуп жүрүшчү экен.
Биздин баш кошуп жашаганыбызга 22 жыл болду. Экөөбүздүн төрт балабыз бар. Бул окуяга чейин эч качан мындай болгон эмес.
Оюм тынч эмес, күндө мээмди курттай жеп эле турат. Дагы деле сүйлөшүп жүргөндй шек санай берем. Канча унутайын деп аракет кылдым, болбой койду. Ой баса берип кыйналып кеттим. Эмне кылам, кеңеш бергилечи?
Виталий Пукаев
Психолог
Эмне кылам, деп сурап жатасыз, бирок сиз эмнени айтып жатасыз? Ким же эмне боюнча чечим чыгаргыңыз келип турат? Күйөөнүздүбү? Өзүңүздүбү? Же тиги аялдыбы?
Өзүңүз жөнүндө өтө аз маалымат бердиңиз. Сезимдериңиз тууралуу айткан жоксуз. Сиз бул никеде бактылуусузбу? Күйөөңүздөн күткөн нерсени ала алдыңызбы? Экөөңөрдүн мамилелериңер кандай?
Албетте 22 жыл оңой эмес. Бул мамиле үчүн олуттуу мөөнөт.
Кандайдыр бир кеңеш берүүдөн мурун, сиздин сезимдериңизди түшүнүп алуу маанилүү. Күйөөңүздүн башка менен сүйлөшүп жүргөнүн кармаганда кандай сезимдерге туш болосуз? Ачууланасызбы? Таарынасызбы? Кайгырасызбы? Кызганасызбы? Эмнени сезесиз?
Экөөңөрдүн үй-бүлөнөрдүн өзөгү эмне? Балдар? Бири-бириңерге болгон сезимдер? Балким ортодогу бизнес?
Сиз көптөгөн суроолорго жооп издеп жатасыз. Ошондуктан ойлор тынчыңызды алууда.
Мамиле, нике, үй-бүлө бул жөн гана паспорттогу мөөр эле эмес. Бул тынымсыз өзгөрүүгө дуушар болуп турган процесс. Учурда силердин мамилеңерде кризис болуп турган кез окшойт.
Алгач өзүңүздүн сезимдериңизди, эмоцияларыңызды, ойлоруңузду ирээтеп алыңыз. Андан кийин күйөөңүз менен маселени ачык жана жайдары талкуулай аласыз.
Ийгилик!
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Мамилелер тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши