Кайын энем мени жашатпайм деп жатат, ата-энем да каршы. Эмне кылсам?
Мен 19 жаштамын. Жакында эле экинчи аялы болуп күйөөгө тийгем. Азыр боюмда бар. Жолдошум биринчи аялы менен расмий түрдө ажыраша элек, андан эки баласы бар. Бир айылдан болгондуктанбы, бардыгы каршы чыгышты. Кошуналарыбыз азыркыга чейин сөз кылып бүтүшпөйт. Аларды уга берип чүнчүп кеттим.
Менин ата-энем да, анын ата-энеси да баш кошуубузга каршы чыгышты. Күйөөмдүн апасы чогу жашатпайм, деп ачык эле айтты. Ата-энем мени ал үйдөн алып кетип калышты.
Бары мен элестеткендей болгон жок. Же мен чын эле жаштык кылып жатамынбы, билбейм? Бирок мен ал адамды сүйөм. Эмне кылсам?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатсызбы. Анын апасы сизди жашатпайм деп айтыптыр, ата-энеңиз сизди алып кетип калышыптыр. Менде бир суроо жаралып жатат, ата-эненин экөөңөрдүн мамилеңерге кандай тиешеси бар?
Күйөөңүз чоң эле киши, мурда үйлөнгөн экен, эки баласы бар экен, үчүнчүсүн күтүп жатат.
Сиз да чоң эле аялсыз, жакында эне болосуз. Балким, мен салт-санааны түшүнбөй жаткандырмын, бирок силер ата-энеңерге көйгөйлөрүңөрдү чечтирип коюп карап отургудай кичинекей балдар эмессиңер да. Эмне үчүн өз жашооңор үчүн жоопкерчиликти өз мойнуңарга албай жатасыңар?
Ата-энелердин, тууган-туушкандардын, коңшулардын буга эч кандай тиешеси жок. Ортодо жаралган маселелерди өзүңөр чечкиле. Үй-бүлөнү сактап калгыңар келеби, ата-энеңерден бөлүнүп жашагыла, өз алдыңарча оокат кылгыла.
Аны менен жашагыңар келбейби, жашабагыла. Кеп силерди курчап турган адамдарда эмес. Кеп сизде жана сиздин күйөөңүздө. Экөөңөр тең чоң адамдарга окшоп чечим кабыл алганды үйрөнүшүңөр керек.
Урматту, биздин ата-энелерибиз!
Силерге кайрылуу жасагым келип турат!
Ар бир ата-эне баласын чексиз жакшы көрөт жана ага жакшылык гана каалайт. Никеге, үй-бүлөгө байланыштуу качантан берки келаткан салттар бар экенин түшүнүп турам. Бирок азыр XXI кылым экенин эске алалы. Балдардын үйлөнүүсү, мурункудай уруулардын, үй-бүлөлөрдүн ортосундагы келишим эмес. Бүгүнкү күндө нике – бул эки адамдын мамилеси.
Чоңоюп калган балдардын жашоосуна кийлигишпегиле. Бутка туруп, өз алдынча чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк бергиле. Эч нерсеге жараксыз, өтүмү жок, чечкини жок, эрке муунду тарбиялап жатабыз. Токтотолу.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?