// //

Кайын атам тогуз койду карышкырга жедирген мени эмес күйөөмдү урушту

2020.07.24, 17:24
9582

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Сарайдын ичинен карышкыр мени тиктеп туруптур"

Жаңы эле баш кошконбуз. Шаарда турабыз. Кайын-энем менен кайын атам айылда. Кайын агам малдарды айдап жайлоого чыгып кеткен. Шаардын ысыгынан тажап ошол кайын агамдын үйүнө эс алганы келгенбиз. Калп айтпасам, үч эле күн болгон. Кайын агам менен аялы “шеринебиз бар эле, балабызды карап турасыңбы”,-деп суранганынан макул дедим. А баласы болгону жети айлык.

Ушундайда кычашып, күйөөм машинасын оңдоткону айылга түшүп кетти.

Түн. Жамгыр жаап, күн күркүрөп жатат. Балага апасы саап таштап кеткен сүтүн берип, уктатып койдум. Саат канча болуп калды? Ата-энеси жок го? Аларга кошулуп күйөөм дайынсыз. Акырын терезеге барып, сыртты карадым. Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт. “О, кудай!”. Чочуп артка ыктадым. Бир ит сарай жакка чуркап өтүп кетти. Токтосоңор, бизде ит жок да. Тиги кой кайтарган Балтекти укол сайдырабыз деп айылга алып кетишкен.

Тынч жаткан койлор маарап баштады. Бир нерсе болгонун сездим. Акырын эшикти ачып сарай жакка жөнөдүм. “Ким бул?” Жооп жок. Бир маалда иттин ырылдаган үнү угулду. Жакшылап карасам, сарайдын ичинен карышкыр мени тиктеп туруптур. Кантип үйгө жеткенимди билбейм. Келсем, бала ойгонуп алып ыйлап жатыптыр. Корконумдан ага кошулуп мен ыйладым.

Күйөөм келди. Эмне болгонун түшүндүрө албай, сарай жакты көрсөтүп ыйлай бердим. Анан эсимди жоготуп куладым. Көзүмдү ачсам кайын энем колдорумду ушалап жатыптыр. 

Абалымды уккан кайын атам экөө түнгө карабай жетип келген экен. 

“Бала болбой сени! Кантип келинибизди жалгыз таштап кеттиң!? Күн күркүрөп жатканда карышкыр келе турганын жакшы билесиң. Бечара жүрөгү түштү го! Кой табылат! А мунун ден соолугу эмне болду? Айда машинаңды, айылга кеттик.” Кайын атам күйөөмдү катуу урушту. Анан жаныма келип, “Кантип калдың кызым?” –деп, башымдан сылады. 

Ошол күнү карышкыр тогуз койдун карынын жарып кеткен экен. Баары мени менен алышып жүрүп аны деле унутуп калышты. Күйөөм улам-улам кечирим сурап коет. Бир жумадай төшөктө жаттым. Кайын атам өзү дем салып, кайын энем болсо шорпосун көтөрүп келип карап жатышты. Экөөнүн мен үчүн күйпөлөктөп жүргөнүн көрүп аябай жүрөгүм жылыды. Чынында, мен алардан муну күткөн эмесмин. 

Андан бери алты жыл өттү. Кайын атам менен кайын энемдин мага болгон мамилеси эч өзгөргөн жок. Күйөөмө "келинибиз жок үйгө келбе",-деп турушат. Үйүнө барсам, колумду сууга тийгизишпейт. Жадакалса өз төркүнүмдөн  мынчалык сый көргөн эмесмин. Бар болуңуз, ата, апа! Баса, баягы окуяны азыр күлүп эстейм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт