Кош бойлуумун, каным аябай аз. Апамды донор кылып кан куйдурсам болобу?
Саламатсызбы. Суроомо жооп берип коюңузчу? Мен кош бойлуумун, каным 90дон эч көтөрүлбөй койду. Апамды донор кылып кан куйдурсам болобу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Гемоглобиндин төмөн болушу кан куйдуруу үчүн көрсөткүч болуп саналбайт. Бирок эмне себептен анемия болуп жатканыңызды жана эмне үчүн ичкен препараттар жардам бербей жатканын аныктоо зарыл.
Балким сиз дары, витаминдерди туура эмес ичип жатасыз, а балким сизге парентералдык ыкма (ийне сайып, же тамчылатма дары алып) менен темир препараттарын организмге берүү керек.
Бул тууралуу сиздин кош бойлуулугуңузду алып барган гинеколог менен кеңешип көрүңүз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка