// //

Атасы кандай учурда алименттен баш тарта алат? Адвокаттын жообу

2020.07.23, 10:51
3098

Кызыма алимент өндүрүү боюнча сотко арыз менен кайрылгам бирок мурунку жолдошум алиментти жокко чыгарыптыр. Бул тууралуу соттун аныктамасын алдым. Ушул мыйзамдуубу?

Кайра алиментке арыз жазсам, дагы баш тартып кое алабы? Алимент төлөбөй жатса, мен аны аталык укуктан ажырата аламынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2020, 10:51

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Урматту окурман, негизи, ата алимент төлөөдөн баш тартууга укугу жок.

Түшүнгөнүмө караганда алимент өндүрүү жөнүндө сот буйругун чыгарткан экенсиз.  Жарандык процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, колго алгандан кийин 10 күндүн ичинде негиздүү каршы пикир келтирсе, сот жокко чыгарууга укуктуу.

Сиз доо арыз менен кайра кайрылууга толук укуктуусуз. Эгер соттун чечимин чыгартсаңыз, ал аткарылууга жатат.

Аталык укуктан ажыратуу боюнча айта кетсем, Үй-бүлөлүк кодекстин талаптарына ылайык, ата-эне милдеттерин убагында аткарбаса, бул аны балага болгон укугунан ажыратууга негиз болуп бере алат.

Ийгилик!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?

Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт