Коронавирус болдум, этек кирим туруктуу келбей калды. Ошондон болушу мүмкүнбү?
Саламатсызбы. Мен covid менен оорудум. Андан кийин бир ай этек кирим келген жок. ХГЧ анализин тапшырсам, кош бойлуулук жок экен. Июль айында беш күн келип токтогон. Бир жумадан кийин кайра кан кете баштады. Бул коронавирустан болушу мүмкүнбү?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Бул вирус эрекектин жыныстык сферасына көбүрөөк таасир этет, деп эсептелгени менен аялдын да ден соолугу жабыркашы мүмкүн.
Бирок сиздин учурда коронавирустун таасири эмес, сиз ичкен препараттардын жана стресстин натыйжасы болушу мүмкүн.
Сурооңузга так жооп алуу үчун гинекологго көрүнүңүз. Анализ тапшырып, медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин себеби аныкталат.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка