// //

“Пузырный занос” деген диагноз менен төрөй аламынбы? Гинеколог жооп берет

2020.07.19, 11:35
2464

Саламатсызбы. Гистологиядан анализдерим келген, “пузырный занос” деген диагнз коюлду. Төрөй аламынбы? Канча убакыт сактанышым керек? Аны кантип дарылашат?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2020, 11:38

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Пузырный занос – бул түйүлдүк боло турган жумуртка бездин шишикке (опухолевидное образование) айланышы. Эгер аны дарылабай койсо ал аялдын ден соолугу жана өмүрү үчүн кооптуу.

Дарылоо максатында, алгач бул кош бойлуулук токтотулат. Экинчиден, дарыгерлер ХГЧнин деңгээлин тынымсыз көзөмөлдөп турушат. Зарылчылык болгон учурда химиотерапия дайындалат.

Бул кош бойлуулук жана анын кесепеттери ликвидациялангандан кийин кийинки кош бойлуулукту пландаштырууга уруксат берилет. Адатта 6 айдан бир жылга чейин бойго бүттүрүүгө болбойт.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт