// //

Балдызым болбосо, "все по 50 сомдон" идиш алып, батирлеп жүрө бермекпиз

2020.07.18, 12:54
14096

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

“Болбогон эле нерселерди ала бересиң экенсиңер э?”

Аялым экөөбүз аябай ак көңүлбүз. Бизди алдап коюш опоңой. Бирөөнүн көңүлүн кыя албай, акчабыз аз болсо дагы, карыз сурагандарга бере беребиз. Болду “жок” дейбиз, үйдөн жакшы эле ушинтип чыгынып чыгабыз, анан эле... Дагы айта кетчү нерсе, экөөбүз тең базарлаганды жакшы көрөбүз. Колубузга тыйын тиери менен дүкөн кыдырып жөнөйбүз.

Баш кошконубузга бир жылдан ашты. Шаарда бир бөлмөлүү батирде турабыз. Тапканыбыз ичип-жегенибизден артпайт. Машина алабыз деген тилегибиз бар. Бирок, аны улам-улам артка жылдыра беребиз. Конверт ачтык, банкка барып салдык, төшөктүн алдына каттык, банкага салдык, баары бир чогулта албай койдук.

Акчабыз түгөнгөндө эле, “ээ, алып чыкчы тигини” дейбиз.

“Болбогон эле нерселерди ала бересиң экенсиңер э?”. Коноктоп келген балдызым ушинтти. Өзү студент. Жатаканада жашайт.

- Бул кесени “Все по 50 сом” дегенден алдыңар беле?

- Ооба. Кантип билдиң?

- Сапаты начар экен. Мени айтты дейсиңер, аз өтпөй сынат. Анан кайра чыгаша болосуңар. Дароо эле жакшысынан бирди алып койсоңор, көпкө жетмек.

- ...

- Айтайын дегеним, акчаңарды талаага эле чач берет экенсиңер.

Келинчегим экөөбүз уялып калдык. Бири-бирибизге көзүбүздү ымдап, тыйыныбызды балдызга чогултууну чечтик. Бир шарт койду. Айлыгыбыз түшкөн картабызды ага беребиз. Ал өзү бөлүштүрөт. Айла жок макул болдук.

Тапканымдын баарын балдызыма карматтым. Келинчегим дагы өзүнүкүн берди. Ошентип жашообузда өзгөрүү башталды.

Батирдин кожоюнун бакыртпай, убагында акчасын төлөдүк. Продуктуну бир айга ченеп алдык. Чөнтөгүбүздө жол кире менен түшкү тамактануунун акчасынан башка эч нерсе жок. Өзүбүз дагы кадимкидей үнөмдөй баштадык. Оңой болду деп айтпайм, башында кыйналдык. Аялым эки-үч жолу балдызымдан акча сурады. Ишенесиңерби, бербей койду. Кайра өзүм чалып сурадым.

- Алло, балдыз жакшысыңбы?

- Жакшы.

- Тиги акчадан алып турсам болобу?

- Болбойт.

Бир жылга жетпей машина сатып алдык. Сүйүнүчүбүздө чек жок. Баары балдызымдын аркасы менен. Бир дагы тыйыныбызды коротпой, эсептеп, чогултуп берди. Эми участок алалы деп жатабыз. Албетте, мында дагы балдызымдын жардамы менен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт