// //

Кайсы маскалар вирустардан жакшыраак коргойт? Инфографика

2020.07.17, 15:38
2345

Кайсы маскалар вирустан жакшыраак коргойт?

Коронавирус эпидемиясы жүрүп жаткан чакта бет кап тагынуу вирус жугузуп алуу коркунучунан бир топ сактайт. Мындан бир нече ай мурун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму максакаларды ооругандарга жана аларды дарылап жаткан мед кызматкерлерге гана кийүүнү сунуштаса, кийин дартты жугузуп алуудан коргонуу үчүн бардык адамдарга кийип жүрүү керектигин билдирди.

Бирок бет каптын бардыгы эле вирустан коргой бербейт, айрымдары тетирисинче, ооруну жугузуп алууга шарт түзүп бериши мүмкүн.

Маселен, көпчүлүк бир эле масканы көп ирет кийип, же болбосо уруксат берилген убакыттан узагыраак тагынып жүрүшөт.

Айрымдар сырттан үйгө кирип келгенде маскасын чечип, кайра көчөгө чыгыш керек болуп калса, ошол эле маскасын кийип жөнөйт. Мындай кылган болбойт!

Эпидемиолог Надир Шамсутдиновдун айтканына караганда, медициналык масканы 2-3 саатан ашык эмес тагынуу керек. Бул убакыт өткөндөн кийин аны таштандыга салуу кажет. Масканы экинчи ирет колдонууга, дезинфекциялоого же жууганга болбойт. Себеби, бет кап тигилген кездеменин структурасы өзгөрүп, сапаты төмөндөп, вирустан коргобой калат.

Ошондой эле медиктер жана эксперттер бардык эле маскалар вируска каршы туруштук бере албай турганын белгилешти. Мисалы, хирургиялык маскалар кадимки кездемеден тигилген маскаларга салыштырмалуу кыйла эффективдүү.

TripZilla компаниясы өзүнүн кардарлары үчүн бет капты тандоодогу рекомендацияларын жарыялады. COVID-19га кайсынысы туруштук бере алганын көрсөтүп берди.

 

Башкы беттеги сүрөт иллюсративдүү.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул...

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

Коронавирусту күчөтүп жибербөө үчүн 6 негизги кадам. Кыскача инструкция

Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт