// //

Ичимдик ичүү короновирустан сактабайбы? COVID-19 короновирусу тууралуу 10 миф

2020.05.30, 11:22
1844

Бүгүнкү күндө COVID-19 коронавирусу тууралуу дээрлик эч нерсе белгисиз. Андыктан, бул вирустун айланасында туура эмес маалыматтын көп экени таң калыштуу эмес. Эмнеге ишениш жана ишенбеш керек? Bilesinbi.kg айрым мифтерди жокко чыгарат. 

Миф №1. Сарымсак COVID-19 коронавирусунан коргойт

Сарымсакты COVID-19 коронавирусунан профилактика катары колдонуунун эффективдүүлүгү тууралуу эч кандай далилдер жок.

Миф №2. Денени хлор же спирт менен сүртүп турса коронавирус жукпайт

Денени спирт же хлор менен сүртүү организмге кирген вирустарды жок кылбайт. Мындай заттарды колдонуу кийимге жана былжыр чел кабыгына (көз, ооз жб.) зыян келтириши мүмкүн. Спирт менен хлор нерселердин бетин дезинфекциялоодо натыйжалуу каражаты болушу мүмкүн, бирок аларды тийиштүү учурларда жана эрежелерди сактоо менен колдонуу керек.

Миф №3. COVID-19 короновирус менен бир гана жолу оору мүмкүн

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 короновирус менен ооруган адам  кайрадан ооруп калышы мүмкүн деген маалыматтарды жарыялады. Бул деген жаңы коронавирустук инфекцияга туруктуу иммунитет жок экендигин билдирет.

Миф №4. COVID-19 коронавирусун алдын алуу жана дарылоо үчүн антибиотиктер жардам берет

Антибиотиктер вируска каршы иштебейт. Алар бактериялык инфекцияларды гана дарылоого мүмкүндүк берет. Жаңы коронавирус (2019-nCoV) - бул вирус, ошондуктан антибиотиктерди коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонбоо керек.

Миф №5. Короновирусту улгайган адамдар гана жугузат

Бардык курактагы топтордун өкүлдөрү COVID-19 коронавирусун жуктурушу мүмкүн. Кары жана айрым оорулары бар адамдар (мисалы, астма, диабет, жүрөк оорулары) коронавирустук инфекциянын оор формасы менен оорушу мүмкүн. Демек, ар кандай курактагы адамдар инфекциядан коргонуу үчүн чараларды аткарып, мисалы, кол менен жөтөлдүн гигиенасын сактоосу керек.

Миф №6. Фейерверктерден чыккан түтүн же газ COVID-19 коронавирусунан коргойт

Фейерверктерден чыккан түтүн же газ менен дем алуу ден соолукка зыян жана коронавирусту өлтүрбөйт.

Миф №7. Алкоголдук ичимдиктерди колдонуу короновирустан сактайт

COVID-19 короновирусунан спирт ичимдиктери коргой албайт. Көп ичүү же ашыкча ичүү ден-соолукка зыян келтирүү коркунучун жогорулатат.

Миф № 8. COVID-19 коронавирусу жөнөтмө жана буюмдар аркылуу жугат

Вирус 40°С температурага туруштук бере албайт жана айлана-чөйрөгө анчалык туруктуу эмес. Андыктан COVID-19 коронавирусу кандайдыр бир жөнөтмө жана буюмдар аркылуу жукпайт.

Миф № 9. Ысык ваннага түшүү короновируска каршы жардам берет

Ысык ваннага түшүү COVID-19 инфекциясынан сактабайт. Дененин кадимки температурасы ванна же душтун температурасына карабастан, 36,5 ° тан 37 ° Cге кармалып турат. Тескерисинче, өтө ысык ваннага түшүү зыян келтирип, күйүктү пайда кылышы мүмкүн.  COVID-19дан коргоонун эң мыкты жолу - колду бат-баттан жууп туруу. Бул теридеги вирусту жок кылып, көзгө, оозго же мурунга кол тийип калса, вирусттун кирип кетишин алдын алат.

Миф №10. Ооз чайкоочу суюктук COVID-19 коронавирусун жуктуруп алуудан сактайт

Ооз чайкоочу суюктук COVID-19 коронавирусунан сактайт деген эч кандай далилдер жок.

Маалымат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтынан алынды. 

«Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Bilesinbi.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт».

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт