Этек кирим 37-38 күндө бир келет. Бул кооптуу эмеспи? Гинекологдун жообу
Саламатсызбы. Менин этек кирим 37-38 күндө бир келет. Бул кооптуу эмеспи? Төрөгөнгө чейин аралыгы 28 күн болчу, азыр эмизем, балам 11 айлык. Акыркы төрт айдан бери ушундай көрүнүш. Себеби эмнеде?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. 37-38 күн эмизбеген аял үчүн деле норма болуп эсептелинет, эгер бул цикл ай сайын туруктуу кайталанса.
Ал эми эмизип жаткан учурда менструалдык цикл туруктуу эмес болушу мүмкүн. Адатта, баланы эмичектен чыгаргандан кийин, бардыгы өзү эле калыпка келип калат.
Андан тышкары төрөт да өз таасирин тийгизип, этек кирдин убактысын, узактыгын өзгөртүшү мүмкүн. Башкысы, бардыгы норманын чегинде болуусу керек.
Этек кирини цикли 24 күндөн 38 күнгө чейин, ай сайын бирдей интервал менен. Ал эми этек киринин узактыгы 3төн 7 күнгө чейин болуп, орточо кан кетүүгө тийиш.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка