Күйөөм денеси муздак аял эркек төрөй албайт деп айтат, ошол чынбы?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма үч жыл болду, боюма бүтө элек. Жолдошум денеси муздак аял эркек төрөй албайт, деп жатат. Ошол чынбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жок, бул чындыкка жатпайт. Медицинада “денеси муздак” деген диагноз жок. Анан бойго бүткөн баланын жынысы энесинин муздак же ысык болушунан көз каранды эмес.
Бойго бүтпөй жаткандыгынын себебин аныктоо үчүн адистерге кайрылууну сунуштайм. Эгер сиз 35ке чыга элек болсоңуз, бир жылдан ашык контрацепция колдонбой туруктуу жыныстык жашоодон кийин да бойго бүтпөсө, экөөңөр тең доктурга кайрылып медициналык текшерүудөн өтүшүңөр керек.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка