// //

Аялым башка өлкөнүн жараны, бизге ЗАГС берилеби? Эксперт жооп берет

2020.07.16, 11:04
1621

Саламатсыбы. Мага жардам берип коюңузчу. Аялым башка өлкөнүн жараны. Жакында төрөйт, мен ага Кыргызстандын жарандыгын алып бере аламынбы? Бизге ЗАГС берилеби? Бул боюнча кайсы жерге кайрылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2020, 11:05

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатчылык. Келинчегиниз менен ЗАГСка тургунуз келсе, жарандыкты алмаштыруунун зарылчылыгы жок. Ал үчүн төмөнкү документтер керектелет:

- Чет өлкөлүк жарандын өзүнүн мекенинде никеси жоктугу тууралуу маалымкат. Ага котормосун тиркеп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш.

- Чет өлкөлүк жарандын паспорту (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен).

Бул маселе боюнча өзүңуз катталган жердеги ЗАГС болүмүнө кайрылыңыз.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгын жана паспортун алуу үчүн төмондөгу документтер зарыл:

  • туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (түп нускасы, 2 көчүрмө);
  • никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
  • паспорт (2 көчүрмө);
  • балдары бар болсо ар биринин туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү, эки ата-эненин тең жарандыгын алмаштырууга макулдугу, жазуу түрүндө;
  • жолдошунун жарандыгын алмаштыруусуна каршы эмес деген маалымкат, нотариуста тастыкталган;
  • жашоого жетиштүү, мыйзамдуу каражат булактары бар экенин тастыктаган документ;
  • жашаган жеринен маалымкат;
  • жашаган үйдүн кожоюндун каттоого уруксат берүүчү макулдугу, нотариуста тастыкталган;
  • сатуу-сатып алуу документтери;
  • СПИД борборунан, психикалык оорулар борборунан жана наркологиялык борборунан маалымкаттар;
  • каттала турган үйдүн техпаспорту;

 

  • соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • 4х6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  • 2 скросшиватель;
  • жашаган жерине караштуу паспорт столуна документтер тапшырылып, мамлекетке салык төлөнөт;

Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин, паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
  • 7 үлгүсүндөгү/16 үлгүсүндөгү карточка же үй китепчеси;
  • эки сүрөт (паспорт столдун өзүндө тартылат);
  • ПИН Социалдык коргоо документи;
  • арыз;
  • паспорт үчүн төлөнүүчү салыктын квитанциясы.

Жарандыкты алуу үчүн 2000 сом салык төлөнөт.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам

Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?

Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт