// //

Жумуртка безди алып салабыз дешти, мен ошондо балалуу боло албай каламынбы?

2020.07.14, 10:10
1683

Жашым 17де. Оң жумуртка безде киста пайда болуп жумуртка бези менен кошо алып салышкан. Бир жылдан кийин сол тарабымда да киста пайда болуптур. Азыр дарыланып жатам, эгер киста дарыланбай калса, кайра операция менен алышат экен. Мен ошондо балалуу боло албай каламынбы? УЗИге түш дешкен, а менин этек кирим келип жатат, тоскоолдук болбойбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.07.2020, 10:13

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жаш туруп, жумуртка бездерди алдырып салганыңыз абдан өкүнүчтүү болуп калат. Бул жумуртка клеткалардын запасын кескин түрдө азайтып, мезгилинен эрте менопаузанын (климакс) башталышына да себепкер болушу мүмкүн.

Сиздин азыркы максатыңыз экинчи жумуртка безди сактап калууга максималдуу умтулуу жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу. Сезгенүүгө каршы терапия жана гормоналдык терапия алышыңыз керек.

Андан сырткары сиздеги киста кандай? Ошондон да көз каранды. Кандай болбосун киста алты айдан ашык болсо, аны хирургиялык жол аркылуу алып салуу сунушталат. Эгер көлөмү кичирейсе, этек кири учурунда жарым жартылай же толугу менен жоголуп кетсе, бул жакшы көрсөткүч. УЗИге менструация келгенден кийин циклдин 8-9 күнүндө түшкөн жакшы.

Эгер хирургдар болбой эле жумуртка безди алуу керек десе, алар анын жабыркабаган бөлүгүн сактап калууга аракет кылышат. Ал эми сиз мүмкүн болушунча эртерээк репродуктивдик функцияңызды аткарып калууга аракет кылышыңыз керек, же болбосо ЭКО клиникага кайрылып, жумуртка клеткаларды тоңдуртуп койсоңуз болот. Кийин балалуу болууну чечкенде клиникага кайрылып бойго бүтүрүп алсаңыз болот.

Мен сизге ден соолук каалайм.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт