Доктур келинибизди: төрөбөй калышы мүмкүн, колун сууга салбасын деди. Бул чынбы?
Саламатсызбы. Жаңы алган келинибизге “киста матки” деген диагноз коюшту. Беш күн капельница алды. Ооруканадан чыгып жатканда доктур: төрөбөй калышы мүмкүн, колун сууга салбашы керек, деп айтты. Кистанын кандай коркунучу бар, айтып коюңузчу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жатындагы киста, адатта эндометриоздун локалдык формасы. Бул залалсыз шишик, гормоналдык оору жана мындай диагноз чындап эле тукумсуздуктун же бойго көтөрө албагандыгынын себепкери болушу мүмкүн.
Аны толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес, бирок гомроналдык препараттар менен бир калыпта кармап турса болот.
Ал эми колун сууга салбасын, - дегени, ден соолугуна жакшы кам көрүп, суукка урунбай өзүн жылуу кармасын, этият болсун дегени болсо керек.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка