// //

Жатыным кош мүйүздүү экен, кантип кош бойлуулуктан сактанам? Гинекологдун жообу

2020.07.10, 10:01
1644

Саламатсызбы. Менин жатыным кош мүйүздүү (двырогая матка) экен. Кош бойлуулуктан кантип сактанам? Спираль салдырсам болобу? Билип бере аласызбы? Чоң рахмат.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.07.2020, 10:03

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош мүйүздүу жатын бул жатындын өнүгүү процессинде жүргөн тубаса кемтик. Анда жатын толугу менен же жарым жартылай экиге бөлүнөт.

Мындай диагноз коюлганда жатын ичине салынуучу спираль менен кош бойлуулуктан сактануу кооптуу. Себеби жатынды козгоп, оорутуп коюу коркунучу жогору.

Эч кандай травма болбогон күндө да спираль өз функциясын аткарбашы мүмкүн, жана бул контрацепция ыкмасы эффективдүү болбой калат.

Сиз үчүн оптималдуу вариант гинекологдон толук консултация алгандан кийин айкалышкан (комбинированный) оралдык контрацептив же презерватив колдонуу.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт