Оозумдан жагымсыз жыт чыгат экен, бирок өзүмө билинбейт. Эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Менин көйгөйүм, оозуман жагымсыз жыт чыгат экен. Бирок өзүмө кээде эле билинет, жанымда жүргөндөр айтышат. Тишимди саар-кеч тазалайм. Тишимдин мүлктөрү бала кезимен эле көп канайт. Ошон үчүн жагымсыз жыт чыкса керек деп ойлойм. Дагы эмнеден болушу мүмкүн? Негизи канаганын кантип токтотом?
Нуржамал Канатбекова
“Matis Dent” клиникасынын адиси, стоматолог
Саламатчылык. Сиздеги оору пародонтит деп аталат. Бул адатта тамеки чеккен адамдарда, ооз көндөйүнө туура эмес кам көргөндо жана күнүмдүк рациондо жашылча-жемиш, сүт азыктары, эт жана балыктын эти жетишсиз болгон учурда пайда болушу мүмкүн.
Сизде тиштин бүлөлөрү сезгенип калган боолушу мүмкүн. Аны тиш щетка менен тазалоо жетишсиз, стоматологго кайрылып, атайын тазалатуу зарыл. Андан кийин витаминдерди ичип, организмди бекемдөө керек. Бул процесс комплекстүү түрдө ишке ашырылат.
Пародонтитти дарылабасаңыз, акырындык менен тиштин эти тартылып, тиштин тамырларын ачат. Тиш бошоп, 50 жаштан өткөндөн кийин түшө баштайт.
Ошондой эле, ооздон чыккан жыттын башка да себептери болушу мүмкүн. Маселен, ашказан оорулары да ушундай жыйынтыкка алып келет. Эмнеси болсо да, терапевтке андан кийин тиш доктурга кайрылып көрүңүз.
Ден соолукта болуңуз!
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Тишке кам көрүу жөнүндо бул жерден да окусаңыз болот:
Баламдын тиши чыкканда эле карарып кетти, эмне үчүн? Стоматолог жооп берет
Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет
Брекет салынган тиштерим кайра кыйшыйып калбайбы? Стоматолог жооп берет
Боюмда бар, тишиме пломба салдырсам болобу? Стоматолог жооп берет