Эжем беш кызына күйөөсүнөн алимент, үй өндүрө алабы?
Саламатсызбы! Менин эжем алты кызы менен ажырашты. Бешөө өзү менен, бирөөсү күйөөсүндө. Ортолорунда ЗАГС жок. Кыздары жолдошунун фамилиясында. Колундагы беш кызына алимент, үй өндүрүп алса болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрсө болот. Бирок үй боюнча эки тарап келишип чечишет. Мыйзам боюнча үй алып берүү боюнча милдет жок. Ошол эле учурда ата-эне өз балдарын жакшы шарттарда өсүп-өнүгүүсүнө кам көрүүсү милдеттүү. Ошондуктан, ата алимент төлөө менен эле чектелип калбашы керек.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?