// //

Бизде бардыгы жакшы, болгону менин кызганчаактыгым бардыгын бузуп жатат

2020.07.05, 16:03
1064

Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө алты жылдын жүзү болду. Ортодо бир уулубуз бар. Жолдошум аябай жакшы, үй-бүлөсү үчун баарына даяр. Эртеден кечке жумуш менен алек, мен үчүн бүт шартты түзүп берген. Ага чын жүрөгүмөн ыраазымын.

Бирок, менин кызганыч сезимим менин да, жолдошумдун да тынчын алды. Оюман жаман нерселер кетпей койду. Ошонун айынан экөөбүз далай таарыныштык. Ал мени көп жолу кечирди, бирок өзүмдү тыя албай убарамын. Кызганычтын оту алоолоп гана турат.

Бул ирет катуу таарынып жүрөт. Суранам, кеңеш бергилечи, канткенде ал мени кечирет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.07.2020, 16:05

Мария Самсонова

Психолог

Саламатсызбы. Маселенин бардыгы ал сизди кечирбей жатканда эмес. Кечирим сураганыңызга карабастан, кайрадан эле аны таарынта турган ишти жасап жатасыз, кептин бары мына ушунда.

Ортодогу мамилени бекемдегиңиз келип жатса, анда аны бузууга эмне себеп болуп жатканын аныктоо керек. Күйөөңүздүн таарынычы – бул симптом. Сиздин ашыкча кызганычыңыз  - бул себеп.

Жазгандарыңызга караганда, күйөөңүзгө ишенбей коюуга жана кызганууга эч кандай негиз жок. Мындай шартта анын ачууланып, таарынып жатканы нормалдуу көрүнүш. Өзүңдүн сүйүүңдү, улам-улам далилдеп, улам актана бергенден деле тажайт да киши.

Эгер сиз – сизди чын дилинен сүйүүгө мүмкүн экенине ишенбей турсаңыз, ар дайым кынтык издей берсеңиз, демек бул сиздин көйгөй. Демек аны сиз гана чече аласыз.

Балким, сиздин жашооңузда кандайдыр бир травма болгон: жакын адамыңыз чыккынчылыкка барган, күтүүсүз жок болуп кеткен ж.б. Бул окуялар сиздеги кооптонуу, ар дайым тынчсыздануу, эч кимге ишенбөө сезимин пайда кылган. Бирок күйөөңүз анткен жок да, туурабы?

Биринчи ирет өзүңө ишенүү жана баа берүү сезимин жогорулатуу зарыл. Андан кийин адамдарга ишенимди кайтарып, негативдүү ойлордон арылыңыз.

Эң жакшысы, психолог менен иштешүү.

Эгер андай мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда өз алдынча иштеп көрүңүз. Китептерди, макалаларды окуп, видеолорду көрүңүз. Балким сизге жарай турган жана эффект бере турган инструменттерди таап аласыз.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт