Балама ортопеддер ар башка диагноз коюп жатышат. Эмне кылыш керек?
Менин беш айлык уулума ортопед “нет окостенения ядра тазабедренного сустава” деп айтты, УЗИ жасат дейт. Башка ортопедке алып барсам, “у вас все нормально, здоровый малыш” деди. Анын айтымында алты айга чейин калыптанбайт экен. Эмне кылышты билбей турам. Сураныч кеңеш берип койгулачы.
Аджер Касимов
Травматолог-ортопед
Саламатчылык. Баланын кашка жилигинин ашташы 3 айынан тартып калыптанып баштайт, 6 айында толук калыптанып бүтө элек болот. Ошого карабастан бир катар чараларды көрүү зарыл.
Кашка жиликтин ашташкан сөөгүн калыптандыруу жана бекемдөө үчүн, төмөнкү процедураларды жасаңыз.
- Кальций препараттары кошулган электрофорез алуу, 10 күн.
- Изокерит кошулган парафин алуу, 10 күн.
- Массаж, 10 күн.
- Кальций ичүү, 1 кашыктан күнүнө эки маал 30 күн.
- Эгер апасы эмизсе, ага да кальцийге байытылган диета.
- 10-11 айга чейин бутуна тургузбагыла.
- Ходунокко такыр салбагыла.
- Күндө тиешелүү гимнастика жасоо.
- 3 айдан кийин кайра медициналык текшерүүдөн өтүү.
Балаңыз тезинен сакайып кетсин!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Травматолог-ортопед Аджер Касимов менен инстаграмдагы @orto.doctor.kg баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?