// //

Спиралды убагында алдырып салбаса эч нерсе болбойбу? Гинеколог жооп берет

2020.07.02, 13:06
1454

Саламатсызбы. Мен 2014-жылы спираль салдыргам, төрт жылга деген болчу. Шартка байланыштуу алдырта элекмин. Кеч болсо эч нерсе болбойбу? Бирок жагымсыз жыттанып, выделения көп келип жатат. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.07.2020, 13:07

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринлог

Саламатчылык. Жатын ичине салынуучу спиралды өз убагында алдыртуу зарыл. Болбосо, сезгенүү процесси башталышы мүмкүн.

Андан тышкары спиралдын мурутчалары түшүп, ал өз функциясын аткарбай калат. Башкача айтканда, бойго бүтүп калуудан сактабайт.

Узак убакытка чейин спиралды алдыртпай жүрө берсе, ал жатынга жабышып калат. Сиз айтып жаткан симптомдор болуп жатса, демек тез арада гинекологго кайрылышыңыз керек.

Алдыртуунун алдында анализ тапшырып, бир сыйра дарыланыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
U
Umka Sadabaeva
09.07.2020, 22:58

Саламатсынарбы,спираль салса толобу же арыктайбы,менин бойрогум ооруйт,спираль салдырсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт