// //

Башка жерге пропискага тургам, бирок менин данныйларым табылбай жатат

2020.07.02, 11:11
2051

Саламатсызбы. Мен паспортто жазылган даректен чыгып, башка жерге пропискага тургам. Паспорттогу адрес боюнча жок экенсиң, деп данныйларымды таппай койду. Ошонун айынан балама туулагндыгы тууралуу күбөлүгүн ала албай жатам. Ошондо жаңы паспорт алып, анан балага күбөлүк алышым керек болуп калабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.07.2020, 11:12

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси

Саламатчылык. Эмне себептен чыкпай жаткандыгын толугу менен карап чыгуу зарыл. Балким убактылуу каттоого тургансыз, же башка себептер да болушу мүмкүн.

Кайра каттоого туруу үчүн үйдүн документтери жана үйдүн ээси өзү болушу керек. Же үйдүн ээсинин нотариалдык макулдугу менен кайрадан каттоого турсаңыз болот.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам

Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?

Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт