// //

Мен күйөөгө тийгенге чейин тың, чечкиндүү кыз элем, эмнеге азыр андай эмесмин?

2020.06.30, 12:25
3666

Саламатсызбы. Мен күйөөгө тийгенге чейин тың, чечкиндүү кыз элем. Азыр эмнегедир алсыз, көз каранды болуп калдым.

Ошентсем да өзүм иштеп, өзүм акча табам. Менин тапкан-ташыганым, беш балабызга, күйөөмө, үйгө, кыскасы баарына жетет. Бир гана өзүмө жетпейт.

Тапкан акчамды өзүмө коротконго күйөөм уруксат бербейт. Каалаган нерсемди алдыртпайт, ашыкча тыя берет.

Өзү тапса, мага көрсөтпөйт. Ал акчасын эс алууга, досторуна жумшайт. Ага кантип түшүндүрөм?

Бул суроого психолог Мария Самсонова жооп берди.

Бирөөнүн мамилесин, жүрүм-турумун өзгөртүү эч кандай жыйынтыкка алып келбейт. Бул ситуацияда күйөөңүзду эмес, сизди өзгөртүү зарыл.

Кандай себеп сизди бул шартка көнүүгө макул кылып жатат?

Сиз күйөөм урат, же коркутат деп жазган жоксуз. Демек, анын талаптарына өз ыктыярыңыз менен баш ийип калдыңыз.

Эмне үчүн сизге жаккан нерселерди сатып ала албайсыз?

Өзүңүз тапкан акчаны кандай корото турганыңызды өзүңүз билесиз да. Күйөөңүздөн уруксат суроого эмне түртүп жатат?

Мындай мамиле курганыңызга бир себеп бар да, туурабы?

Өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды курмандыкка чалдыңыз, бирок күйөөңүз өзүнүкүн коргоп жатканына таарынып жатасыз. Күйөөңүз мындай көрүнүштү туурадай эле көрөт. Жеке кызыкчылыгын жыйыштырып коюу анын планына кирген да эмес.

Сиз үчүн өзүңдү курмандыка чалуунун көзгө илинбеген пайдасы бардай:

  • ар дайым жолдошуңузду күнөөлү кылып көрсөтөсүз;
  • өзүңүздү керек болсо, жеке кызыкчылыктарын курмандыкка чалган мыкты аял сезесиз;
  • жасагандарыңызды милдет кыласыз, ошону менен манипуляция кылууга өтөсүз;
  • азап тартканыңызды демонстарция кылып, башкалардын көңүлүн өзүңүзгө бурасыз;
  • балким, сиз үчүн бул өзүңдү маанилүү адам сезүүнүн жалгыз жолу.
  • жана башка, толгон токой себептер, шылтоолор.

Акыл эстин жетилүүсү – бул искусство. Ал адам өзүнө, өзүнүн жашоосуна, жүрүм-турумуна жооперчилик алган учурда гана башталат.

Мага жаккан нерсени сатып албайм! - деген чечимге, сиз келдиңиз.

Тапкан акчамды өзүмө-өзүм ыраа көрбөйм! - дедиңиз.

Ар бир жасаган кадамым үчүн күйөөмө отчет берем, андан уруксат сурайм! - бул да сиздин тандооңуз.

Күйөөм койгон шарттардын бардыгына макул болом, өзүмдүн таламымды талашпайм!

Менин жашоом ушундай болот!

Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз: Биринчи эмнеден башташым керек? Кандайча өзгөрө алам? Ой-жүгүртүү, жүрүм-турум? Кантип өзүмдү кемсинтпей жашасам болот?

Ал эми психолог Эльвира Чокоеванын пикири боюнча, жеке каалоолор ишке ашпай калса, ден соолук жабыркайт.

Урматтуу айымдар, чынын айткылачы, өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды башкалардын комфорту үчүн курмандыкка чалган учур болду беле? Же жашооңуз толугу менен башкалардын көңүлүн алуудан жана көзүн кароодон турабы?

Азиялыктардын менталитетине ылайык, кыздарга бала кезинен бардыгына милдеттүү экени кулагына куюлат. Таарынычтар, айтылбай калган нааразычылыктар, көңүл калуулар жыл өткөн сайын чогулуп, депрессия, стресс, бактысыздыкка алып келет. Медициналык жактан алып караганда гормоналдык бузулууга, мастит, цистит, ангина, жүрөк оорулар, кан оорулар,  ж.б. түрдүү ооруларга себепкер болот.   

Мен эч кимди жеке керт башын ойлогон эгоист болууга үндөгөн жокмун. Болгону, адамдын жан дүйнөсүндө баланс болууга тийиш. Жүрөгүндө гармониясы бар адам гана бактылуу боло алат.

Силерге бир нерсени айтып коеюн: жакшы-ыңгайлуу аялдын образын түзүү үчүн өтө көп энергия жана ресурс кетет.

Ыңгайлуу экениңизди төмөнкү белгилерден улам байкасаңыз болот:

  1. Уруш чыгып кетүүдөн коркуп, жеке пикириңизди эч качан билдирбейсиз. Талашып отургуча, макул болууну эп көрөсүз.
  2. Атаңыздан, күйөңүздөн, уулуңуздан жеке өзүңүз үчүн бир нерсе алып берүүнү суранбайсыз. Андан көрө үйгө керектүү оокат алыш керек.
  3. Оорусаңыз жатып албайсыз. Себеби, сиз жок болсоңуз бардыгы токтоп калат. Тамак жасалбайт, кир жуулбайт, уй саалбайт, картошка айдалбайт...
  4. Келечекке план түзгөндө бардыгынын кызыкчылыктарын эске аласыз, өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз тууралуу унутуп каласыз, же акыркы кезекте эстейсиз.
  5. Башкалар сизге жаман, орой мамиле кылып жатса деле, анын кылык-жоругун актоого шашыласыз. Бардыгын түшүнгөн мыкты аялсыз да. Керек болсо “өзүм эле күнөөлүмүн” (унчукпай турбай) деген жыйынтыкка келесиз.
  6. Маанайыңыздын чөгүп турганын эч качан, эч кимге көрсөтпөйсүз. Калп болсо да жылмайып жүрөсүз.
  7. Башкалардын сунушунан баш тарта албайсыз, жок дебейсиз. Конокко чакырганда баргыңыз келбесе да таарынтып (же капа кылып) алуудан коркуп барасыз.

Жыйынтыгында бардыгы бактысыз – сиз жана сизди курчап турган жакындарыңыз. Жеке каалоолорду орундатуу, бардык тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен мамиле куруу абдан маанилүү. Мындайда утулган тарап жок, бардыгы утушка ээ болот.

Өзүңүздү байкап көрүңүзчү? Бир күндө канча жолу жеке каалоолорду аткарып, канча жолу башкалардын талаптарын жасайсыз?

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт