// //

Бойдон түшкөндөн кийин тону түшпөй калса кандай симптомдор болот?

2020.06.26, 11:38
2305

Саламатсызбы. Сурайын дегеним, бойдон түшкөндөн кийин тону түшпөй калса кандай белгилер болот? Менин боюман эки жолу катары менен түшүп калды. Кийин табарсыгым, белим ооручу болду. Тон түшпөй калгандан болушу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.06.2020, 11:39

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Симптомдор абдан индивидуалдуу болот, бирок жатындын көңдөйүндө кан уюп калса же калдык калса, төмөнкү белгилер көбүрөөк кездешет:

  • температура көтөрүлөт;
  • ичтин төмөн жагы, жана куймулчак оорутат;
  • кара-кызыл, күрөң түстөгү кандуу, жагымсыз жыттанган бөлүнүүлөр (выделения) келет.

Өтүшүп кетүүнү алдын алуу үчүн жамбаш сөөк органдарын УЗИге тарттыруу керек. Андан тышкары кандагы ХГЧ деңгээлин лабараториялык негизде аныктоо сунушталат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт