// //

Москва шаарында туруп, эки балама алимент өндүртсөм болобу? Адвокаттын жообу

2020.06.25, 11:03
1104

Саламатсызбы. Эки балам бар. Күйөөм менен ажырашканыбызга төрт жыл болду. Ортобузда ЗАГС жок, балдарым менин атыма жазылган. Азыркы тапта Москвадамын, балдарым Кыргызстанда.

Менин суроом төмөндөгүчө: Москвадан туруп эле эки балама алимент өндүртсөм болобу? Же өзүм барышым керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.06.2020, 11:04

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Түшүнгөнүмө караганда, күйөөңүз балдардын атасы катары катталган эмес. Андыктан, алиментти кимден өнүртөсүз?- деген суроо жаралып жатат.

Алгач күйөөңүз алардын атасы экенин аныктоо зарыл. Ал үчүн Москва шаарында жүрүп деле, ишенген адамыңызга ишеним кат жиберип, ал адам сиздин атыңыздан керектүү кагаздарды топтоп, сотко кайрылып, балдардын атасын аныктап, андан соң алимент өндүрүү жөнүндө арыз бериши керек.

Ийгилик каалайм!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?

Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт