// //

“Центральное предлежание плаценты” – деген эмне? Канчалык деңгээлде коркунучтуу?

2020.06.22, 17:00
1090

Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 12-13 жума болуп калды. Жашым 33тө, үч балам бар. УЗИге түшсөм гинеколог – “центральное предлежание плаценты” деп жазып берди. Бул диагноз канчалык деңгээлде коркунучтуу? Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.06.2020, 17:02

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Былжыр челдин борбордо жайгашуусу болочок эненин көп кан кетип калуусу менен коркунучтуу. Ал эми себептери түрдүү болот:

  • көп сандагы кош бойлуулук жана төрөт;
  • буга чейин кесердик кесүү аркылуу көз жаруу;
  • жатындагы патологиялар;
  • чылым чегүү;
  • кош бойлуу эненин жаш курагы.

Тез арада гинекологго учетко туруңуз. Ал айткан бардык рекомендацияларды аткарып, физикалык активдүүлүктү төмөндөтүп, жыныстык катнашты токтотуу зарыл.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт