Атасы дайынсыз жоголуп кеткен иниме кантип паспорт алсак болот?
Иним жакында 18ге чыгат. Ушу убакытка чейин паспорт ала албадык. Ата-энеси турмуш кургандан кийин ЗАГСка турушпаптыр. Бала төрөлгөндө, тааныш-билиш кылып метиркасын атасынын атына алып беришиптир. Иним 2ге чыкканда ата-энеси ажырашып, атасы дайыны жок жоголуп кеткен, жакында көз жумду деген кабар келди. Бирок кара кагаз, паспорт, эч нерсеси жок.
Апасы башка турмуш куруп кеткен. Бала таятасынын колунда калган. Эми паспорт алып берели десек, “мать одиночка” деген документ жасатып келгиле деп жатышат.
Өзүнө тиешелүү башка документтери бар. Кантип паспорт алсак болот? жардам бергилечи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Мындай учурда:
- Биринчи вариант, сотко кайрылып, атасы чындап дайынсыз жоголгон деген соттун чечимин алышыңар керек.
- Экинчи вариант, апасынын паспортунун негизинде паспорт берилсин, деген соттун чечим керек.
- Үчүнчү вариант, таятасы иниңизге “опекунство” алып, өз атына өткөрүп алса, ошол документтин негизинде да паспорт жасатып алса болот.
Бул боюнча толугураак маалымат алуу үчүн Калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментине кайрылсаңыз толук маалымат ала аласыз. Телефон номери: 0312 66 08 59
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?