// //

Этек кирим бир айда эки жолу келет. Бул нормалдуубу? Гинекологдун жообу

2020.06.18, 15:01
1128

Саламатсызбы. Менин суроом мындай: жашым 22де, турмушка чыга элекмин. Үч жылдан бери этек кирим бир айда эки жолу келет. Санасам аралыгы болгону 20-21 күн экен. Бирок эч жерим оорубайт. Бул нормалдуубу? Гинекологго баргандан уялып жатам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.06.2020, 15:03

Свелана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жазгандарыңызга караганда, сиздин менструалдык циклиңиз абдан кыска окшойт. Айрым айымдардыкы сизге окшоп, цикл 20-21 күндө бир айланып турат. Эгер андан башка эч жериңиз оорубаса, эч нерсе тынчыңызды албаса демек бардыгы жайында.

Ал эми гинекологго сөзсүз маал-маалы менен көрүнуп туруу керек. Жыныстык жашоо менен жашай элек болсоңуз деле жылына бир жолу текшерүүдөн өтүү зарыл.

Гинекологго көрүнүү туруктуу нерсеге айланганда уялуу сезими бара-бара жок болуп, кадимки көрүнүшкө айланып калат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт