// //

Мед айым, эркек баланын жыныс мүчөсүн тазалап тур деди эле. Ошол туурабы?

2020.06.17, 13:17
2231

Саламатсызбы. Баламдын төрөлгөнүнө бир ай болду. Мед айым баланын жыныс мүчөсүнүн башында туз болот, ошону терисин түрүп тазалап тур, деп айткан.

Ошентип тазалап жатканымда толугу менен түрүлүп калып, кайра ордуна араң киргиздим. Мунун коркунучу барбы же эч нерсе болбойбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.06.2020, 13:18

Азат Бейшенов

Уролог

Саламатчылык. Мунун чоң коркунчу бар. Мындай процедуралар “парафимоз” – деген ооруга алып келиши мүмкүн.

Парафимоз – бул эркек баланын жыныс мүчөсүнүн өзүнүн терисине кысылып, кыпчылып калышы. Мындайда чукул медициналык жардам керектелет.

Бул абдан оор жана кооптуу абал. Жыныс мүчөнүн клеткалары өлүп, айрым учурларда ампутация жасоого туура келет.

Ошондуктан баланын жыныс мүчөсүнүн гигиеналык процедураларын өтө этияттык менен жасоо керек. Акырын гана “обработка” кылып коюу жетиштүү. Терисин ашыкча жылдырып, тазалабаңыз.

Балаңыз ден соолукта болсун!

Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Эркек баланын ден соолугу боюнча бул жактан окусаңыз болот:

Баламдын калтасы чоң болуп жатат. Бул нормалдуубу? Хирург жооп берет

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психолог жооп берет

Төрт жаштагы баланын чочосу эмне себептен туруп калышы мүмкүн?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт