// //

Баламдын калтасы чоң болуп жатат. Бул нормалдуубу? Хирург жооп берет

2019.11.29, 15:53
2614

Саламатсызбы. Төрөгөнүмө 15 күндөй болуп калды. Баламдын калтасы чон болуп жатат. Бул коркунучтуу эмеспи? Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.11.2019, 15:55

Азис Элгондиев

Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирург

Саламатчылык. Баланы көрбөй туруп себебин айтуу мүмкүн эмес. Калтасынын чоң болуп турушунун эки себеби бар: “грыжа” же “водянка”. Коюлган диагнозго жараша эмне кылуу керек экени чечилет.

Эгер “паховая грыжа” болсо, анда операция 6 айынан баштап жасалат. “Паховая грыжа” кыргызча - чурай чурку бези – бул патологиялык процесс. Анда ич көңдөйүндө деффект пайда болуп, ички органдар калтага түшүп калат.

Жаңы төрөлгөн эркек балада мындай паталогиянын пайда болуусуна энесинин кош бойлуу кезиндеги жашоо образы таасирин тийгизет. Мисалы: спирт ичимдиктерин ичүү, чылым чегүү, инфекциялык ооруларга туш болуу, жетишсиз тамактануу, ара төрөлүү ж.б.

Эгер “водянка”, башкача айтканда гидроцеле (калтасына сары суунун толуп калышы) болсо, анда операция 2 жашка толгондон кийин жасалат. Гидроцеле жаңы төрөлгөн эркек балдардын 8-10%ында кездешет. Тубаса “водянка” көпчүлүк учурда атайын дарылоону талап кылбайт жана бала 1 жашка чыкканча өзү эле жок болуп кетет.

Балаңыздын ден соолугу чын болсун!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт