Мага “аденемиоз” деген диагноз коюлду, ал кандай оору? Гинеколог айтып берет
Саламатсызбы. Силерге ыраазычылык билдирем, көптөгөн кеңештерди алып келем. Менин суроом гинеколог-эндокринологго: УЗИге түшсөм “аденемиоз” деген диагноз коюп беришти. Бул эмне болгон оору, түшүндүрүп бергилечи?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Аденемиоз – бул жатындын эндометриозу, б.а. эндометрийдин клеткалары аларга тиешелүү эмес органга сиңип кетет (сизде жатындын булчуңуна) жана ошол органдын бүтүндүгүн, аткарган функцияларын талкалайт.
Бул оорунун белгилери төмөнкүлөр:
- этек кири өтө оор өтөт;
- этек кирине чейин же андан кийин күрөң түстөгү бөлүнүүлөр (выделения) пайда болот;
- жыныстык контакт ооруксунууну жаратат
- эң кейиштиүүсү, тукумсуздука алып келет.
Акыркы пункт оорунун кайсы деңгээлде экенинен жана жатындын функцияларын канчалык бузулгандыгынан көз каранды.
Тилекке каршы, бул айыккыс дарт. Бирок, оорунун андан ары өрчүшүн алдын алуу жана бир аз жеңилдетүү максатында баары бир даарыланып туруу керек.
Өзүңүзгө сак болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка