// //

Сиңдим 19 жашта паспорт ала элек. Жашы өтүп кетти деп убара кылып жатышат

2020.06.15, 10:31
1667

Саламатсызбы. Сиңдим 19 жашта дагы деле паспорт ала элек. Себеби жашы өтүп кетиптир деп ар кайсы жака жүгүртүп жатышат. Апасынын паспорту керек дейт, апабыз болсо көп жылдан бери Россияда. Кыргызстанга келе албайт.

Кантип паспорт алабыз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.06.2020, 10:31

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси

Саламатчылык. Балдар 16 жаштан 18 жашка чейин ата-энесинин паспортторунун негизинде жарандыкты аныктап, паспорт алат.

Идентификациялык номер да өз учурунда документтештирилбей калса (18 жаштан тартып) төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • ПИН (ПВКИБ);
  • Ата-энесинин паспорттору;
  • Жашаган жери боюнча каттоосу;
  • Жашаган жеринен алынган маалымкат;
  • Өмүр баяны;
  • Түшүнүк кат;
  • Окуган/иштеген жеринен алынган маалымкат же аттестат;
  • КР ИИМинен алынган соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  • 3 кошунасынан алынган акт;
  • Төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Андан тышкары төмөнкүлөр ордунан жүргүзүлөт:

  • Электрондук анкета-арыз;
  • Электрондук фотосүрөт;
  • Жарандыгын аныктоого берилген арыз.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер топтолгондон кийин арыз берүүчүнүн КР жарандыгына тиешелүү экендиги боюнча корутунду чыгарылат.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам

Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?

Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт