Жатын түтүкчөлөр эмнеден улам кыйшык болуп калышы мүмкүн?
Саламатсызбы. Мага узиден “трубаларың” кыйшык деп айтты. Эмне үчүн мындай болуп калат жана кыйшык жатын түтүкчөсү менен балалуу боло аламынбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жатын түтүкчөлөрүнүн кыйшык болуп калышына көбүнчө сезгенүү жана гонорея менен хламидиоз деген инфекциялар себепкер болот. Бул инфекцияларды дарыласа болот, бирок баштапкы стадияларында гана. Ошондуктан өз учурунда доктурга кайрылып, ооруну дарылоо зарыл.
Эгер инфекция жатын түтүкчөсүнө өтүп кетсе, бул кайра ордуна келгис процесс. Адатта түтүкчөлөрдүн бүтөлүп калуусуна алып келет, демек тукумсуз деген диагноз коюлат.
Бул учурда ЭКО жана башка репродуктивдик технологиялардын жардамы менен гана кош бойлуу болууга мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка