Милициянын паспортумду алып коюуга укугу барбы? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Үстүмөн бирөө арыз менен кайрылса, милиция кызматкерлеринин паспортумду алып коюууга укугу барбы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Жок, укугу жок. Эгер жазылган арыз боюнча иш козголсо, сиз шектүу деп саналсаңыз, тергөөчүнүн токтомунун негизинде паспортуңуздун көчүрмөсүн гана алууга укуктуу. Ал эми паспорттун түп нускасы ээсинде болууга тийиш.
Эгер шектүү адамга камак түрүндөгү бөгөт чарасы каралса, анын паспортун алып кала турган кишиси жок болсо, паспорт кылмыш иштин материалдарына тиркелет.
Эсиңизде болсун, паспорт жарандыкты жана өздүктү тастыктаган документ. Ал мамлекет тарабынан жаранга берилет, жана мамлекеттик документ болуп саналат.
Ийгилик!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?