// //

Эрозия болгондо “черный тмин” жардам береби? Гинеколог жооп берет

2020.06.11, 11:08
2756

Саламатсызбы. Менин башым катып жатат. УЗИге түшсөм “эрозия шейки матки” деп жыйынтык чыгарып беришти, анализдерим да начар чыгыптыр. Эми эрозияга дагы анализ тапшырат экенмин. Эгер жатын моюнчасындагы клеткалар ракка айланса онкологияга жөнөтөбүз, деп айтышты.

Бир эже “черный тмин” ичсең жакшы болуп кетесиң, деп жатат. Эмне кылсам болот? Чын эле ушундайбы? Гинекологдон кеңеш алып бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.06.2020, 11:09

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер онколгияны дарылоодо альтернативдик каражаттар жардам берсе, бул оорудан көз жумгандардын саны мынчалык көп болмок эмес.

Кара зирени колдонсо болот, бирок дарылоонун негизги эмес кошумча каражат катары эле.

Сизди онкологияга жөнөтөбүз деп жатышса демек эрозия эле эмес, жатын моюнчасынын дисплазиясы да болушу мүмкүн. Бирок бул жөн гана божомолдоо. Мен сизди жана сиздин анализдериңизди көргөн жокмун, ошондуктан так жооп берүү мүмкүн эмес.

Менин сизге айтаарым, дарыгердин рекомендацияларын так аткарып, өз убагында дарыланыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт